Нарын–Өрүк-Там жолуна кар көчкү түштү (видео)
Кечээ, 7-апрелде саат 15:30 чамасында Нарын облусунун Нарын районундагы Нарын – Өрүк-Там унаа жолунун болжол менен 60-чакырымында кар көчкү түштү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кар көчкүнү тазалоого жергиликтүү №8 жол тейлөө ишканасынан 1 экскаватор, 1 жүктөгүч жөнөтүлгөн. Жабыркагандар жок.
"Жергиликтүү тургундар Өрүк-Там жана Эки-Нарын айылдарына башка каттамдар аркылуу каттай алышат",- деп айтылат маалыматта.