"Мүрзөдөн өлтүрөбүз" деп коркутууга кабылган карыя. Шектүүнүн апасы "аялдарга жыныс мүчөсүн көргөзгөн үчүн карыяны коркутуп коёлу дептир" дейт
Жакында эле интернетте «сизди мүрзөгө алып барып өлтүрөбүз» деген коркутууга дуушар болгон карыянын видеосу тарап, талкууга түштү. Абдыжапар аттуу карыя учурда ооруканада дарыланып жатат. Окуя боюнча шектүүнүн апасы окуядан кийин ооруканага жатып калганын айтып, элден кечирим сурады.
"Балам болбогон жерден тамашалап тартып коюптур. Калайык журт, баламды кечиргиле. Балам ошол бекетте таксилерге киши салып иштейт. Уулум аны Жапар ата деп, кийим-кечесин алып барып берчү. Ал кишини калайык деле билет, кичине оорукчан болгондуктан, ошол бекеттеги адамдарга уят жерин көрсөтөт экен. Анан уулум таксиге аялдарды салып атса, Жапар келип жыныс мүчөсүн көрсөтүптүр. Аялдар муну алып кеткилечи дептир. Айнура деле (карыянын карындашы) агасынын оорукчан экенин билип туруп, эмнеге көчөгө чыгарат? Коомчулук жүргөн жерге барып, жанагындай кылганы туура эмес", - дейт ал.
https://youtu.be/90408XF6r-A