SerepTV Logo

Мындан 7 ай мурун "Ош базарга" жакын жерде эркек кишинин жансыз денеси табылган. Милиция атын тактоого жардам сурайт

Мындан 7 ай мурун "Ош базарга" жакын жерде эркек кишинин жансыз денеси табылган. Милиция атын тактоого жардам сурайт
Ушул жылдын 22-апрелинде Бишкектеги Москва менен Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде жашы болжол менен 50-55 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган. Анын денесин кароо учурунда криминалдык тактар байкалган эмес. Милиция маркумдун аты-жөнүн тактоого жардам сурайт.  Факты Ленин РИИБге каттоого алынган. Белгилери: бою 180-185 сантиметр, орто дене түзүлүштө, мурду кырдаач, чачы кара ак баскан. Кийген кийими: кара спорттук кийим ак чийиктери бар, ак футболка, кара шым, кара байпак, кара бут кийим. Өзгөчө белгилери: курсагында операциядан кийинки 15 сантиметрлик тагы бар. Эгер кимде-ким сүрөттөгү жаранды көрүп-билген болсо, 0 (312) 352-605, 0 (705) 450-553, 0 (551) 088-330, 0 (553) 102-465 жана "102" кызматына байланышсаңыздар болот. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="83564,83561,83562,83563"]