SerepTV Logo

Мыйзамсыз соода кылгандарга "Ош базары" соода комплексинин ичинен 106 орун берилди

Мыйзамсыз соода кылгандарга "Ош базары" соода комплексинин ичинен 106 орун берилди
Бишкектеги "Ош базарында" мыйзамсыз соода-сатык жүргүзүп келген 106 соодагерге базардын ичинен орундар берилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Муниципалитет аймактык башкармалыктар ири базарлардын жанында мыйзамсыз соодага каршы күрөштү улантып жаткандыгын эске салды. Мекеме сатуучулар менен түшүндүрүү иштери күн сайын жүргүзүлүп жатканын, алар үчүн акысыз орундардын тизмеси түзүлөрүн кошумчалады.
edita