SerepTV Logo

Мыйзамсыз эмгек миграцияда жүргөн 100 миңден ашуун Кыргыз жаранын Орусия өлкөдөн чыгарышы мүмкүн

Мыйзамсыз эмгек миграцияда жүргөн 100 миңден ашуун Кыргыз жаранын Орусия өлкөдөн чыгарышы мүмкүн
Орусияда мыйзамсыз эмгек миграцияда жүргөн Кыргыз жарандарынын саны азыркы учурда 100 миңден ашуун. 2020-жылдын февраль айында эмгек мигранттарына карата киргизилген карантин ушул жылдын 15-июнуна чейин болгон. Эгерде мигранттар документтерин талапка ылайык кылып жасабаса, Орусиянын аймагынан чыгып калуусу мүмкүн. Бул тууралуу "Независимая газета" басылмасы "Бишкек не готов принять своих нелегалов из России. Возвращение мигрантов может взорвать республику" деп аталган макаласында жазып чыкты. “Буга чейин президент Садыр Жапаров эмгек миграциясында жүргөн мекендештердин бардыгын мекенине кайтарууну убада кылган. Бирок азыркы учурда Кыргыз өкмөтү аларды жумуш менен камсыз кыла албайт. Анын үстүнө республикада болуп өткөн акыркы саясий окуялардан кийин туруктуу жумуш табууга үмүттөнүү да кыйын”, - деп билдирет кыргыз эксперти жана kginfo.ru порталынын башкы редактору Асилбек Эгембердиев. Ошондой эле бул маселе боюнча саясат таануучу Марс Сариев да өз ою менен бөлүшкөн. “Борбор Азияда мыйзамсыз иммигранттарды депортациялоо Орусиянын достук эмес кадамы катары бааланат. Аларды депортациялоо бул Кыргызстанга болгон кысым. Былтыр пандемиядан улам өлкөгө кайтып келген жарандар азыркы учурга чейин жумушсуз. Мигранттардын кайтып келиши өлкөдөгү оор абалды дагы да татаалдаштырат”, - деген Сариев. Басылманын маалыматы боюнча, Кыргыз бийлиги эмгек мигранттарынын статусу жөнүндө Орусия президентинин жарлыгын күтүп жатат. Мыйзам долбоору Орусиянын Ички иштер министрлиги тарабынан иштелип чыгууда. Бирок кандай болуп чечилери азырынча белгисиз.
Unknown Author