Мыйзамсыз баюуга айыпталып жаткан Марат Аманкулов депутаттык мандатын тапшырат
Мыйзамсыз баюуга шектелген Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкулов мандатын тапшырат. Буга байланыштуу маселе Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүнкү жыйынында каралмакчы.
БШКнын маалымат кызматы Аманкулов өз ыктыяры менен мандатын тапшыруу үчүн арыз жазганын билдирди.
Буга чейин УКМК анын соода жана көңүл ачуу комплекси, Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан 14 жер тилкеси, 3 кеңсе жана 4 турак жай, 5 батир, Ысык-Көлдүн жээгиндеги «Каприз» эс алуу борборунда коттедж, 3 хан сарайы жана ошондой эле жогорку өкүлдүк класстагы 5 автоунаасы бар экенин жарыялаган. Бул активдердин жалпы орточо базар баасы 1,5 миллиард сомдон ашык сомду түзгөн.