Мурунку министр Тилек Токтогазиев ашар жолу менен мектептерге даараткана курууну чечти
Мурунку айыл-чарба министри Тилек Токтогазиев ашар жолу менен мектептерге даараткана курууну пландап жатат. Бул тууралуу өзү социалдык баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, Кыргызстандын көпчүлүк мектептериндеги дааратканалар начар абалда.
"Тазалык - жарым ыйман. Кыргызстандын көпчүлүк мектептериндеги дааратканалар ушундай көрүнүштө.
Өнүгүү өзүн сыйлоодон башталууга тийиш. Биздин балдар ушул дааратканаларга барып, ар кандай жугуштуу ооруларды жуктуруп алышат. Биздин медицинада бул көп учурда аянычтуу кесепеттерге алып келет. Бул түшүнбөстүктү ашар ыкмасы менен оңдоп чыгалы деп сунуш кылгым келет.
Жалпысынан мен инженерлер тобун чогултуп, технологиялык чечим даярдап жатабыз. Жаңы дааратканалар менен камсыз кыла турган мектептердин тизмесин түзүп жатабыз.
Жаңы бир даараткананын баасы 7 миң доллардан 12 миң долларга чейин болот. Пилоттук долбоорду ишке ашыруу үчүн Беш-Күнгөй айылдагы мектепти тандап алдык. (Сүрөттөгү даараткана ушул мектептен).
Мен ашар жарыялайм! Бизге кошул!”,- деп жазды ал.