SerepTV Logo

Мурдагы Саламаттыкты сактоо министри каза болду

Мурдагы Саламаттыкты сактоо министри каза болду
Кечээ, 8-январда мурдагы Саламаттыкты сактоо министри, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери Шайлообек Ниязов 75 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Белгилүү болгондой, ал 2005-2007-жылдар аралыгында Саламаттыкты сактоо министри кызматын ээлеген. SUPER TV Шайлообек Ниязовдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
Unknown Author