SerepTV Logo

Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеванын атасы көз жумду

Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеванын атасы көз жумду
Кечээ, 28-февраль күнү мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаеванын атасы Ырысбай Жолдубаев көз жумду. Бул маалыматты Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн башчысы Таалайбек Тезекбаев тастыктаган. «Ооба, кечинде каза болуптур. Ал Эшме айылынын болот. Ошол жакка жерге берилет экен», - деди Тезекбаев. Ырысбай Жолдубаев Кара-Суу районуна караштуу Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Эшме айылында бүгүн жерге берилет. Ал 1944-жылы төрөлгөн. SUPERTV'нын эмгек жамааты маркумдун үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.
edita