Тажиктер контейнер орноткон Унжу-Булак аймагына эң жакын жайгашкан айылдын тургундары соңку абал боюнча эмне дешет?
Ош облусундагы Чоң-Алай районуна караштуу Кара-Мык айылында азырынча абал тынч. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине айыл тургундары билдиришти.
Алардын айтымында, кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган Унжу-Булак аймагына тажик тарап контейнер орнотушкан, бирок айылга тажиктер кирип келген жок. "Акырындык менен жакындап келе жатышат деп уктук. Унжу-Булакка буга чейин кыргыздар мал жайып, жайлоого чыгып келген болсо, азыр ал жерди тажик аскерлери ээлеп алган. Ал тарапка азыр биз кире албай калганбыз", - дешет Кара-Мык айылынын тургундары.
Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасына бүгүн, 4-июнда УКМКнын төрөгасы Камчыбек Ташиев барып, кабар аларын чек арага чектеш жайгашкан айыл тургундарына билдиришкен.