SerepTV Logo

Мугалимдердин эмгек акысы эми автоматтык түрдө эсептелет. Артыкчылыгы эмнеде?

Мугалимдердин эмгек акысы эми автоматтык түрдө эсептелет. Артыкчылыгы эмнеде?
Европа Биримдигинин техникалык колдоосу менен «Педагогдордун эмгек акысын автоматташтырылган эсептөө» системасы киргизилди. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Эмгек акыны автоматташтырылган эсептөө ар бир мектеп-интернаттын спецификасын эске алуу менен интернат тибиндеги билим берүү мекемелеринин бардык кызматкерлерине маянаны ар айлык эсептөөнү камтыйт. "Бул система бизге билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасын түзүүгө, билим берүү системасынын кызматкерлеринин, анын ичинде ар бир билим берүү мекемеси боюнча өлкөдөгү административдик-чарбалык персоналдын жана педагогикалык кызматкерлердин, маалыматтар базасынын статистикалык санын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кошумча акыларды эсепке алуу менен эмгек акынын өлчөмүн аныктоого мүмкүндүк берет",- деп айтылат маалыматта.