Мугалимдер күнү. Өлкөдө 82 миңден ашык мугалим эмгектенет
Азыркы убакта Кыргызстанда мектепке чейинки, жалпы билим берүү, баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү 4 миңден ашык уюмдар иштейт, аларда 113 миңден ашык педагогдор 1,9 миллион тарбиялануучуларды, окуучуларды жана студенттерди тарбиялоону жана окутууну камсыз кылат. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.
"Эң кеңири тараган жана талап кылынган кесиптердин бири болуп педагогдун кесиби саналат, алардын олуттуу бөлүгүн мектеп мугалимдери түзөт. Кесиптик майрамга карата ыраазычылыктарды 82 миңден ашык жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдери угушат, анын ичинен 24 миңи шаардык, 58 миңге жакыны айыл жерлериндеги мугалимдер",- деп айтылат маалыматта.
2020/2021-окуу жылынын башында республикада 2 296 күндүзгү жалпы билим берүүчү уюмдар иштейт.
Мугалимдик кесип салттуу түрдө аялдардын кесиби катары эсептелет. Мектептерде эркек мугалимдерге караганда аял мугалимдер пайыз менен алганда кыйла жогору. Жалпы билим берүүчү мектептердеги мугалимдердин жалпы санынын 85 пайыздан ашыгын аялдар түзөт, алардын 8 пайызы директордун жана директордун орун басарынын кызматын ээлешет.
Педагогикалык курамдын кесиптик деңгээли жетишээрлик жогору. Мисалы, 2020/2021-окуу жылынын башында мугалимдердин жалпы санынын 87 пайыздан ашыгы жогорку билимдүү болгон.
Мектептерде мугалимдердин жүгүнүн деңгээли жогору бойдон калууда. Жалпы билим берүү уюмдарында бир мугалимге орточо 16 окуучу туура келет. Мында, шаардык жана айылдык мектептердин мугалимдеринин жүгү кыйла айырмаланат. Эгерде шаарлардын мектептеринде бир мугалимге орточо 20 окуучу туура келсе, ал эми айылдардын мектептеринде орточо 15 окуучу туура келет.
Республиканын жогорку кесиптик окуу жайларында ар бир алтынчы студент педагогикалык кесипти тандаган. 2020/2021-окуу жылында республикадагы бардык жогорку билим берүү жайлары 6 миңге жакын келечектеги педагогикалык кызматчыларды бүтүрүп чыгарышты.