Муфтияттын башкы эсепчиси 10-апрелге чейин камакта калтырылды
Ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалган муфтияттын башкы эсепчиси 10-апрелге чейин камакта болот. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Мындай чечимди сот бүгүн, 12-февралда чыгарган.
Эске салсак, 10-февралда зыяратчылардын акчасын колдонуп жүргөн деген шек менен муфтияттын башкы эсепчиси кармалган болчу. Ага улай эле, Кыргызстандын муфтийи Максатбек Токтомушев кызматынан баш тарткан эле. 10-февралда УКМК Максатбек Токтомушевдин кармалганын билдирген. 12-февралга караган түнү Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап ,аны үй камагына чыгарган болчу.