Муфтият никаб, паранжа боюнча элге кайрылды
Муфтият учурда коомдо кызуу талкууланып жаткан паранжа маселеси боюнча элге кайрылды.
"Шариятыбызда эрезеге жеткен аялзатынын уяттуу жери (аурат) – жүзү жана билектен ылдый эки колунан башка бардык денеси экени белгилүү. Аялдын жүзү жана алаканы ауратка кирбейт.
Хижаб – бул аял кишинин шарият талап кылган тариздеги жоолук жана кең кийими. Ал эми никаб (паранжа) – аялдын жүзүн жапкан парда.
Хижаб менен никабдын өкүмдөгү айырмасы:
Хижабдын өкүмү – ар бир момун-мусулман аялдын хижаб кийүүсү милдеттүү болуп эсептелет.
Ал эми никабдын өкүмү – мустахаб. Бирок фарз эмес. Аны такпаса күнөөкөр болбойт. Кээ бир учурларда макүрөө болот. Мисалы, намаз окуганда. Кээ бирде арам болуп калат. Мисалы. ажылыкта жүзүн бетине тийгизип жаап жүрүүсү. Кайсы бир замандарда эркектерге бүлгүн (фитна) болгондуктан аны тагынуу важиб болгон.
Бүгүнкү күнү өлкөбүздө никабды важиб кылууга негиз жок. Буга бир канча себептер бар.
- Азыркы заманда жүзүн ачып жүргөндөргө каршы коркунуч жок. Кудайга шүгүр, мамлекетибиз кубаттуу, жарандардын коопсуздугу көзөмөлдө.
- Коомдун салтына жана үрп-адатына бөтөн болгон нерсеге фатва берилбейт. Никаб биздин коомго бөтөн көрүнүш.
- Бүгүнкү реалдуулукта никаб кийген эже-карындаштарыбыздын атын жамынып, аялча кийинген бүлгүнчүлөрдүн коомдук коопсуздукка шек келтирүү ыктымалдыгы жок эмес. Ошондуктан тааныла тургандай жүз ачып жүрүү маанилүү.