SerepTV Logo

Муфтият элден чогулган битир-садаганы кимдерге таратты?

Муфтият элден чогулган битир-садаганы кимдерге таратты?
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы элден чогулган битир-садаганы 3 категория боюнча таратты. «Фитир-садакалар мечиттерибизде топтолот. Биз элдин ибадат иретинде берген фитир-садакаларын өз даректерине жеткирүүгө абдан катуу маани беребиз. Шарият боюнча бериле турган атайын орундар бар. Сиздер фитир-садака берген момун-мусулмандар үчүн дуба кылып, алардын кылган ибадаттарын кабыл болуусун Жараткандан тилеңиздер. Алган тыйыныңыздарды жакшылыктарга гана колдонуңуздар», – деди Муфтийдин орун басары Талантбек Темирбаев. Ал топтолгон фитир-садаканын 60 пайызы жергиликтүү мечиттерде, 30 пайызы хатибияттарда жана казыяттарда каларын, калган 10 пайызы гана муфтиятка бөлүнөрүн, фитир-садаканын ар бир тыйыны арыздын негизинде өз дарегине жеткирилерин, мекеменин бюджетине ибадаттык каражаттан 1 сом дагы кирбешин баса белгиледи. Муфтиятка келип түшкөн сумма 6 миллион 487 миң 276 сом 4 тыйынды түзгөн. Арыз менен кайрылган жаранга 3 категорияда таркатылды: 1.    Жетим калгандар 85 кишиге – 10 миң сомдон; 2.    Оорулуулар 399 кишиге – 7 миң сомдон; 3.    Муктаждар 296 кишиге – 5 миң сомдон берилди. Жалпы суммасы 5 миллион 123 миң таркатылды. Калган сумма Муфтияттын курамындагы диний окуу жайларга таркатылып берилгенин башкы бухгалтер Толкунбек Жуманов билдирди. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="282987,282988,282989,282990,282991"]