SerepTV Logo

Муфтият баш имамдарга 20 кызматтык унаа тапшырды

Муфтият баш имамдарга 20 кызматтык унаа тапшырды

Бүгүн, 18-декабрда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы өлкө аймагындагы райондун баш имам-хатибдерине 20 кызматтык унаа тапшырды.

Бул иш-чара Дин башкармалыгынын борбордук кеңсесинде өттү. Иш-чаранын негизги максаты – райондордо дин кызматкерлеринин ишин жеңилдетүү жана элге ыңгайлуу, сапаттуу кызмат көрсөтүүнү камсыздоо болуп эсептелет. Кызматтык унаалар баш имам-хатибдердин жумуштук милдеттерин ыкчам жана натыйжалуу аткаруусуна өбөлгө түзөт.

"Кызматтык унаалардын тапшырылышы – Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын 2024-жылга карата иш пландарынын алкагында ишке ашкан олуттуу кадамдардын бири. Дин башкармалыгы алдыда дагы ушул сыяктуу долбоорлор аркылуу диний кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууну уланта бермекчи. Жакынкы күндөрү дагы 20 унаа берилет", - деп айтылат маалыматта.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="264643,264644,264645,264646,264647"]