SerepTV Logo

Муфтият айт намаздын программасын таратты

Муфтият айт намаздын программасын таратты
Курман айт намазы 20-июль күнү Бишкек шаарындагы жана өлкө аймагындагы бардык мечиттерде окулуп, таңкы саат 07:00до башталмакчы. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти. Айт намаздын программасы: 07:00-07:20 — Муфтий Замир кары Ракиевдин куттуктоосу жана баяндамасы 07:20-07:30 — Куттуктоолор 07:30 — Айт намаз Эскертүү: Айт намазга келген ар бир жаран санитардык эрежелерди так сактоосу талап кылынат. •             Бет каптын болуусу талап кылынат; •             Ар бир адам жайнамазын ала баруу сунушталат; •             Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрдик аралыкты так сактоо; •             Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат; •             Дааратты үйдөн алуу; •             Жаш балдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын келбөөсү талап кылынат; •             Айт намазы мечиттерде окулуп бүткөн соң көп убакытка кармалбай тарап кетүү сунушталат.