SerepTV Logo

Муфтийлик кызматка талапкерлердин арыздары кабыл алына баштады

Муфтийлик кызматка талапкерлердин арыздары кабыл алына баштады
Бүгүн, 17-февралдан тарта Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жетекчисине талапкерлердин арыздары кабыл алына баштады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, муфтийлик кызматка талапкерлер 17-мартка чейин катталса болот. Жана аталган кызматка тийиштүү талаптар менен мекеменин расмий сайтынан тааныша алышат. Эске салсак, 10-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ажылыкты уюштуруу маселесине байланыштуу Муфтияттын ишмердүүлүгүнө териштирүү баштап, анда Муфтияттын башкы эсепчиси коррупциялык иштерге байланыштуу жана укук коргоо органдарына пара берди деген айыптартар менен кармалган. Ошол эле күнү кечинде экс-муфтий Токтомушев да бул кылмышка байланыштуу кармалып, кийинчерээк үй камагына чыгарылган. Учурда муфтийдин милдетин убактылуу Жоробай ажы Шергазиев аткарып жатат.
Unknown Author