SerepTV Logo

Муфтийлик кызматка 8 талапкер ат салышат (тизме)

Муфтийлик кызматка 8 талапкер ат салышат (тизме)
Кечээ, 17-мартта Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жетекчисине талапкерлердин арыздары кабыл алуу жыйынтыкталды. Ага ылайык, бүгүн Аалымдар кеңешинин сайтына Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийлик кызматына ат салышкан талапкерлердин тизмеси жарыяланды. Муфтийлик кызматка 8 талапкер ат салышат. Ал эми борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна 21 эсепчи катталды. Эми талапкерлердин документтери кароодон өткөндөн кийин 29-30-31-март жана 1-апрель күндөрү Каттоо жана аттестациялоо комиссиясы талапкерлердин билим деңгээлин жана кесипкөйлүгүн текшерүү максатында сынак өткөрүлөт. Мифтийлик кызматка ниеттенген талапкерлердин тизмеси:
  • Нурбек Токтогулов
  • Сайдамир Джейналиев
  • Султанали Гапуров
  • Убайдулла Сарыбаев
  • Шүкүр Исмаилов
  • Шакир Маматов
  • Нематилла Жээнбеков
  • Ниязали Арипов.
10-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ажылыкты уюштуруу маселесине байланыштуу муфтияттын ишмердүүлүгүнө териштирүү баштап, анда башкы эсепчиси коррупциялык иштерге байланыштуу жана укук коргоо органдарына пара берди деген айыптар менен кармалган. Ошол эле күнү кечинде муфтий болуп турган Максатбек Токтомушев да бул кылмышка байланыштуу кармалып, кийин үй камагына чыгарылган. 17-февраль күнү Аалымдар Кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө, Кыргызстан мусулмандарынын муфтийлик кызмат ордуна жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы кызмат ордуна сынак жарыяланган. Учурда муфтийдин милдетин убактылуу Жоробай Шергазиев аткарып жатат.
Unknown Author