SerepTV Logo

Экс-муфтийдин орун басары Кадыр Маликов дин башкармалыгында болуп жаткан чуу боюнча үн катты

Экс-муфтийдин орун басары Кадыр Маликов дин башкармалыгында болуп жаткан чуу боюнча үн катты
Муфтий Максат ажы Токтомушевдин орун басары Кадыр Маликов Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында болуп жаткан окуялар боюнча өз оюн Фейсбук социалдык социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Анда ал  Муфтияттагы коррупцияны жалпыга маалымдоо каражаттарынан угуп, таң калганын билдирип, мындай дин башкармалыктагы мыйзамсыз иштер ага да күтүүсүз болгонун айткан. "Көпчүлүк сыяктуу эле ЖМКлар аркылуу билген жаңылык мен үчүн дагы күтүүсүз болду. Күнөө кылганы далилденмейинче кандайдыр бир баа берүүгө эрте деп эсептейм. Бирок ЖМКларга муфтиятта финансылык мыйзам бузуулар болгондугу тууралуу маалыматтын чыгышы эсимди оодарды. Чынын айтканда, бул мамлекеттик органдардагы катардагы коррупциялык иш эмес, ал тургай муфтийдин ордун талашуудагы оюндар дагы эмес. Бул салттык динаятка, мечитке болгон ишенимге жана жалпы муфтиятка өтө катуу сокку. Учурдагы ислам дини башкача айтканда анын картинасы акыркы учурларда тазалык, сүйүү, мээрим, интеллектуалдык өнүгүү жана прогрессти эмес, жоосунсуз акыл үйрөтүү, сырткы атрибутика, түркөйүлүк жана агрессияны элестетүүдө",-деп билдирди Кадыр Маликов. Ошодой эле Маликов билдирүүсүнүн соңунда, бул окуялар учурдагы  коомдун көрсөткүчү деп айткан. Эми дин кызматкерлери адамдардын көзүн кантип карай алышат? Эми адамдар кимге ишенишет? Айрыкча жаштар кимдин жолун жолдошот? Бул биз үчүн ошондой эле мамлекет үчүн дагы башкы маселе”,- деп пикирин жыйынтыктаган. Белгилей кетсек, буга чейин муфтияттын кызматкерлери  зыяратчылар тарабынан топтолгон акчаны жеке каржы мекемелерине 100 миллион сомдон ашык суммадагы насыяларды берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алуу менен өздүк максаттарына жумшагандыгы аныкталып, мекеменин башкы эсепчисин УКМК камакка алган болчу. Ошондой эле бул окуядан кийин муфтияттын эсепчиси укук коргоо органдарына пара сунушталганы да айтылган. Мындан улам муфтияттын жетекчиси Максат ажы Токтомушев өз каалоосу менен арыз жазып, кызматтан кеткенин билдирген. Кийинчерээк УКМК муфтийди да камакка алган.
Unknown Author