SerepTV Logo

Муфтийдин милдетин Жоробай Шергазыев аткарат

Муфтийдин милдетин Жоробай Шергазыев аткарат
Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын жобосу боюнча муфтий отставкага кеткен учурда шайлоого чейин анын орун басары муфтийдин милдетин аткарат. Учурдагы орун басар — Жоробай ажы Шергазыев. Муфтияттын маалыматы боюнча, дагы бир орун басар Кадыр Маликов үй-бүлөлүк абалына байланыштуу ыйгарым укуктарын убактылуу токтоткон. Аалымдар кеңеши 11-февралда жыйынга чогулуп, муфтий Максат Токтомушевин отставкасын кабыл алган болчу.
edita