Муфтийди шайлоо 26-июнга жылдырылды
Аалымдар кеңеши 27-майдагы отурумда Кыргызстандын муфтийин шайлай турган күндү такташты. Ошондой эле сынактык комиссиянын курамы өзгөрөт. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Кыргызстандагы мусулмандардын 26-июнда өтө турган курултайында Аалымдар кеңешинин 7-чакырылышынын мүчөлөрү, борбордук ревизиялык комиссиянын төрагасы да шайланат. Алгач VII курултай апрелдин башында өтө турган болгон. Кийин кайра май айынын аягына жылдырылган. Эми 3-ирет 26-июнга белгиленди.