SerepTV Logo

Москвада көчөдө калган кош бойлуу кыргызстандык келин мекенине жөнөтүлөт

Москвада көчөдө калган кош бойлуу кыргызстандык келин мекенине жөнөтүлөт
Кечээ, 31-октябрда социалдык тармактарда Москвада документи жок жүргөн кыргызстандык кош бойлуу келин тууралуу видео жарыяланган. Окуя тууралуу элчилик үн катты. Маалыматка караганда, элчиликтин консулу юристтер менен биргеликте, 31-октябрда көрсөтүлгөн жаранды издөө үчүн Ярославский темир жол станциясына барышкан. Москва шаарынын темир жол вокзалынын, ошондой эле социалдык кызматынын кызматкерлери менен сүйлөшүп, саат 14:00дө графикке ылайык үй-жайы жок адамдарга тамак-аш уюштурула турган жайга да барышкан. Видеороликти тарткан «Люди» фондунун өкүлдөрүнүн маалыматына ылайык, түшүнбөстүк болуп кеткен. Кыргыз жаранынын тийиштүү документтери бар жана ал элчиликке мурда кайрылган эмес. "Келиндин кайсыл жерде жүргөндүгүн байкеси аркылуу аныктоого мүмкүн болду. Анын жакын тууганы анын документтери, тагыраак айтканда Кыргызстандын паспорту бар экендигин тастыктады, видео таралып баштаганда байкеси Ярославский вокзалынан аны алып кетип, Москва шаарынын Люблино районундагы квартирасына жайгаштырган жана жакынкы рейс менен Кыргызстанга кетирүүнү көздөп жатат. Кийинчерээк агасынын жардамы менен элчиликтин консулунун Кыргыз жараны менен видеобайланыш аркылуу сүйлөшүүсү болуп, анда ал буга чейин элчилик менен байланышпаганын айткан. Келиндин беш айлык боюнда бар. Консул ага ден соолук каалап, мекенге ийгиликтүү, аман-эсен жетип алуусуна тилектештигин билдирди. Күбөлөрдүн айтканына караганда, 26 жаштагы кыргызстандык келин туура эмес жашоо образында жашайт. Мурда Москванын социалдык кызматынын жардамынан баш тарткан. Ошондой эле Ярославский станциясынын вокзал аянтында дагы бир туруктуу жашаган жери жок болуп саналган 30 жаштагы Кыргыз Республикасынын жараны табылган. Учурда ал элчиликке алып келинип, акысыз негизде тийиштүү документтери жасалып, жердештеринин жардамы менен билет сатып алынып, Кыргызстанга жакынкы рейс менен кетирүү ишке ашырылууда", - деп айтылат маалыматта. https://youtu.be/G6ZgfV0Zq2M