SerepTV Logo

Мопед жана скутер айдоочуларына кошумча “М” категориясы киргизилет

Мопед жана скутер айдоочуларына кошумча “М” категориясы киргизилет
Жакынкы күндөрү көлөмү 50 кубга чейинки мопед жана мото-скутер айдоочуларына кошумча “М” категориясы киргизилип, каттоого алынып, мамлекеттик номур тагылып, мото-скутер айдоочуларынын жоопкерчилиги күчөтүлөт. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, бул багытта тийиштүү мыйзам долбоору иштелип чыгып, башка мамлекеттик кызматтар менен макулдашуу стадиясында турат.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Пресс-служба ГУОБДД МВД КР (@guobdd_kg)