SerepTV Logo

Министрлик: "Воронцовкада коронавирус менен ооругандар үчүн 200 орундук стационар даярдалды"

Министрлик: "Воронцовкада коронавирус менен ооругандар үчүн 200 орундук стационар даярдалды"

Воронцовкада коронавирус менен ооругандар үчүн 200 орундуу стационар даярдалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

Анын айтымында, стационар бардык дары-дармек, кычкылтек концентраторлору менен камсыздалган. «Кечээтен бери Аскер госпиталынын базасында дагы 70 орун жайгаштырылды. Азырынча орундар боюнча көйгөйлөр жок. Эпидемиялык кырдаал көзөмөлдө», - деди министрдин орун басары.