SerepTV Logo

Министрлик: "Өткөн айда коронавирус жуктурган балдар көп болду"

Министрлик: "Өткөн айда коронавирус жуктурган балдар көп болду"
Март айында коронавирус жуктурган балдар көп катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улукбек Бектурганов бүгүн, 6-апрелдеги брифингде билдирди. Тактап айтканда, мартта 7 жаштан 17 жашка чейинки балдардын арасында коронавирустун 117 учуру катталган. Ал эми апрель айынын алгачкы жумасында 7 жаштан 17 жашка чейинки 37 бала коронавирус жуктурган. Март айында 6 жашка чейинки балдардын арасында коронавирустун 74 учуру катталса, апрель айынын алгачкы аптасында 6 жашка чейинки 23 баладан коронавирус тастыкталды.
edita