SerepTV Logo

Министрлик: "Опера жана балет театрындагы жагдай боюнча атайын комиссия түзүлдү"

Министрлик: "Опера жана балет театрындагы жагдай боюнча атайын комиссия түзүлдү"
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында болгон жагдай боюнча атайын комиссия түздү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти. Комиссиянын ишине бул тармакты билген адистер, юристтер, аудиторлор жана балет искусствосунун өкүлдөрү кирген. Комиссия 10 жумушчу күндүн ичинде бул окуя боюнча эки тараптуу дыкат кароонун жыйынтыгы менен, театрдын жетекчилигине мындан ары чечимдерди кабыл алуу үчүн сунушун жөнөтөт. Эскерте кетсек, 6-мартта театрда «Ак куу көлү» спектаклинин алдында чыр чыккан. Оюнга орусиялык артисттер чакырылган болчу. Кыргыз артисттер алар менен иштешүүдөн баш тартып, сахнага чыкпай коюшкан. Муну алар коммерциялык спектакль үчүн жергиликтүү артисттерге бир да тыйын төлөнбөй турганы менен түшүндүрүшкөн эле. Кийинчерээк театрдын директору, КР эл артисти Керим Турапов журналисттерге Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында мындан ары коммерциялык спектаклдар коюлбарын билдирген.  
edita