Министрлик: "Өлкө аймагында коронавирус менен ооругандар үчүн резервде 1 миң 925 орундук бар"
Өлкө аймагында коронавирус менен ооругандар үчүн резервде 1 миң 925 орундук бар. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, 14-июлга карата республикада 6 миң 345 орундук бар. Ошондой эле стационарларда 5 миң 500 кычкылтек концентратор жана жасалма дем алдыруучу 430 аппарат коюлган.
“Мындан сырткары, резервде 1 миң 925 орундук, 3 миң кычкылтек концентратор жана дем алдыруучу 800 аппарат бар”, - дейт ал.