SerepTV Logo

Министрлик: "Коронавирус боюнча абал курчуса, дары-дармек 2 айга жетет"

Министрлик: "Коронавирус боюнча абал курчуса, дары-дармек 2 айга жетет"
Кыргызстанда коронавируска байланыштуу абал курчуп кетсе, дары-дармек менен медициналык кызматкерлер үчүн жеке коргонуучу каражаттар 2 айга жетет. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Мадамин Каратаев 18-марттагы брифингде билдирди. Анын айтымында, учурда жасалма дем алдыруучу жабдуулар, ооруну дарылоого керектүү аппараттардын баары жетиштүү. "Эгер абал курчуп кетсе, 2020-жылдагыдай мектеп, клубдарга стационар ачпай, ооруканалардын баарында вирус жуктуруп алгандарды дарылоо үчүн даярданып жатабыз", - деди Мадамин Каратаев.  2020-жылдын 18-мартында Кыргызстанда алгачкы жолу коронавирус жуктуруп алгандар катталган.  Алар кичи ажылыктан келген сузактык 3 тургун болгон. Бир жылдын ичинде вирус 87 миңден ашык адамга жукту. 1 миң 185 киши каза тапты.
Unknown Author