Министрлик: Бир күндө коронавируска каршы 100 киши эмдөөдөн өттү
Кечээ, 29-март күнү коронавируска каршы 100 киши эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Министрликтин планына ылайык, алгач медицина кызматкерлери, мугалимдер, андан тышкары, укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери коронавирус каршы эмдөөдөн өтүшөт.
Ошондой эле кечээ өлкөдө Кытайдан келген SinoPfarm вакцинасы менен эмдөөнүн алгачкы этабы башталган. Аны биринчилерден болуп Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев алган.