Министрлик айыл чарба товарларын экспорттоого тыюу салууну сунуштады
Министрлер кабинети Кыргызстандагы айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ЕАЭБ биримдигинен тышкары чыгарууга жарым жылга тыюу салуу боюнча токтом долбоорун талкууга койду.
Документте чектөө быйылкы жылдын 8-июлунан тартып киргизилери айтылган. Бул демилге Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине таандык. Маалыматка караганда, токтом долбоору Кыргызстандын ички азык-түлүк рыногунда абалды турукташтыруу, айыл чарба товарларынын опурталдуу жетишсиздигин жана алардын бааларынын жогорулашын болтурбоо максатын көздөйт.
Сыртка чыгарылбасын деген азыктар менен продукциялардын тизмеси:
- буудай;
- жүгөрү;
- арпа;
- күрүч;
- буудай уну;
- өсүмдүк майы;
- кумшекер;
- жумуртка;
- тоют (чөп, саман, комбикорм, акшак жана дан эгин тоюту).
- Казакстан тарабынан тирүү малдын экспортуна чектөөлөрдү коюу, Өзбекстанда мал чарбасын өнүктүрүү программасын ишке киргизүү менен байланыштуу жана мал жандыктарын өлкөнүн аймагынан массалык түрдө чыгарылгандыгы байкалган;
- Кыргызстанда малды сырттан алып келүү кыскарган;
- 2020-жылдын жазгы-күзгү талаа иштерин жүргүзүү жыйынтыгы менен айрым айыл чарба өсүмдүктөрүнүн себүү аянттары азайып, айрым айыл чарба продукцияларынын өндүрүшү төмөндөгөн. Анын кесепетинен ички азык-түлүк рыногунда жогоруда көрсөтүлгөн айыл чарба товарларынын баасы 60-70 пайызга өсүп кеткен;
- кыш мезгилинде кардын аз жаашы, жаздын кеч келиши 2021-жылдын жазгы талаа жумуштарынын айрым технологиялык процесстерин бузду. Кыргызметеорология кызматы жайдын кургакчыл болушун билдирүүдө. Айыл чарба өндүрүшүнө бул терс таасир берет;
- коронавирус пандемиясынын күтүлүп жаткан толкунунун коркунучу өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч алып келиши мүмкүн.