SerepTV Logo

Министрлик 9 айда 444 бала зомбулукка кабылганын билдирди

Министрлик 9 айда 444 бала зомбулукка кабылганын билдирди
2025-жылдын тогуз айынын ичинде оор турмуштук кырдаалда калган 444 бала ар түрдүү зомбулук формаларынан жабыркаганын Эмгек министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Бул мезгил ичинде жалпы 4 843 оор абалдагы бала аныкталган. Алардын ичинен 2 514 бала үчүн индивидуалдуу коргоо планы түзүлүп, 2 488 бала оор турмуштук кырдаалдан чыгарылган. Ведомствонун маалыматына караганда, жабыркаган бардык балдарга зарыл болгон социалдык жана психологиялык жардам көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, 1 277 жардамга муктаж үй-бүлө аныкталып, алардын ичинен 947си социалдык жардам көрсөтүү, документтерди тариздөө же окууга жөнөтүү аркылуу кризистен чыга алышкан.
edita