SerepTV Logo

Министрлик: "1-январдан тартып бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактардын тургундары үчүн ай сайынкы жөлөк пул киргизилет"

Министрлик: "1-январдан тартып бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактардын тургундары үчүн ай сайынкы жөлөк пул киргизилет"

2026-жылдын 1-январынан тартып бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактардын тургундары үчүн ай сайынкы жөлөк пул киргизилет. Бул тууралуу Эмгек министрлигинен билдиришти.

Министрлик 1-январдан тартып "бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" ай сайын берилүүчү жөлөк пулу киргизилип жаткандыгын билдирди. Жөлөк пул бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, ошондой эле өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарында жашаган жарандарга (үй-бүлөлөргө) үчүнчү жана андан кийинки ар бир бала төрөлгөндөн баштап 3 жашка чыкканга чейин төлөнөт.

Бул долбоор менен жөлөк пулдун өлчөмү 3000 сом өлчөмүндө белгиленүү сунушталууда. Жөлөк пул алуунун негизги шарты болуп үй-бүлөлөрдүн көрсөтүлгөн бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын райондордо жашашы саналат. Жөлөк пул үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалына карабастан жана райондук коэффициентти эске албастан дайындалат.

edita