Министр: "Ташиев жакшы болуп бара жатат. ПЦР-тести таза чыкты"
Пневмонияга чалдыккан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жакшы болуп бара жатат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, Ташиев тапшырган ПЦР-тесттин жыйынтыгы таза чыкты. "Өзүнчө палатада дарыланууда. Маанайы жакшы", - дейт министр.
УКМКнын төрагасынын өпкөсү кагынып, кечээ, 4-январда ооруканага жатканы маалым болду. Ал буга чейин да 2020-жылы «каргашалуу июль» деп атыккан мезгилде жубайы менен пневмонияга чалдыгып, ооруканалардан орун таппай, абалы начарлап кеткенин айтып берген.