Министр: "Кыргызстан AstraZeneca вакцинасын колдонууга макулдугун бере элек"
Кыргызстан AstraZeneca вакцинасынан баш тарта элек. Бирок ошол учурда эле колдонууга да макулдугун бере элек. Бул тууралуу саламаттыкты сактооо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, сыноолордун үчүнчү клиникалык фазасынын жыйынтыгын күтүү керек.
«Эгерде бул сыноо кемчиликсиз өтсө гана бул маселени чечебиз. COVAX программасы бизге 1,2 миллион доза вакцина берет. Кайсынысын тандасак, ошону алабыз»,- деди ал. Мындан тышкары, ал 19-мартта гуманитардык жардам катары 150 миң доза Кытайдын вакцинасы келери күтүлүп жатканын айтты. Ал эми Орусиянын вакцинасы жакынкы күндөрү келет.
Эске салсак, AstraZeneca эмделген адамдарга терс таасирин тийгизип жаткандыктан, Европа өлкөлөрү бул вакцинадан баш тартып жатышат.