SerepTV Logo

Министр: "Чек арадагы кагылышууда жаракат алгандарга 100 миң сомго чейинки кенемте берилет"

Министр: "Чек арадагы кагылышууда жаракат алгандарга 100 миң сомго чейинки кенемте берилет"
Баткендеги окуялар экономикага зыян келтирди, бирок эң өкүнүчтүүсү — адам өлүмүнө алып келди. Бул тууралуу экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков бүгүн, 10-майда «Биринчи радионун» эфиринде билдирди. Анын айтымында, өкмөт кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда каза болгон адамдардын үй-бүлөсүнө жана жаракат алгандарга кенемте төлөп берет. «Бюджеттик резервден 47,8 миллион сом каралган, анын ичинен 36 миллион сом каза болгондордун үй-бүлөсүнө берилет, ар бир үй-бүлөгө 1 миллион сомдон каралган. Оор жаракат алгандарга 100 миң сомдон, жеңил жаракат алгандарга 50 миң сомдон берилет», - деди министр. Ал учурда тактоо иштери жүрүп жатканын, соттук-медициналык экспертиза аяктаган соң кенемте төлөнүп берилип баштарын кошумчалады. «Каза болгон 3 аскер кызматкерине кошумча 7 миллион 241 миң сом акча каралган. Ошондой эле жаракат алган ички иштер органдарынын кызматкерлерине 10 миллион 850 миң сом бөлүнгөн», - деди Кармышаков.