SerepTV Logo

Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери кош бойлуу аялга жардам көрсөтүштү

Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери кош бойлуу аялга жардам көрсөтүштү
Бишкекте Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери түндө кош бойлуу аялга жардам көрсөтүштү. 22-мартка караган түнү саат 3:00 чамасында Жибек-Жолу - Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде кызматтык милдетин аткарып жүргөн патрулдук милиция кызматкерлерине такси айдоочусу жардам сурап кайрылган. Ал толгоосу башталып калган аялды төрөт үйүнө ыкчам жеткирүүдө көмөк көрсөтүүнү суранган. Кайгуул кызматынын кызматкерлери аялды дароо унаага салып, төрөт үйүнө алып барышкан. "Туугандары байланышып, аял аман-эсен төрөп алганын кабарлашты жана ыкчам жардам үчүн ыраазычылык билдиришти", - деп айтылат маалыматта.
Unknown Author