SerepTV Logo

Милиция Ысык-Көлдөгү ооруканада эс-учун жоготкон абалда жаткан аял кишинин аты-жөнүн тактоого жардам сурайт

Милиция Ысык-Көлдөгү ооруканада эс-учун жоготкон абалда жаткан аял кишинин аты-жөнүн тактоого жардам сурайт
Ысык-Көл районунун милициясы комада жаткан белгисиз аялдын аты-жөнүн аныктоого жардам сурайт. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. Бүгүн, 12-май күнү Ысык-Көл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө Бостери айылынан аты-жөнү белгисиз аял келип түшкөнү тууралуу маалымат берилген. Дарыгерлердин айтымында, бейтап учурда комада жатат. Белгилери: Болжол менен 30-35 жашта, бою 160-165 сантиметр. Кийген кийими: Кара-ак түстөгү жемпир, кара түстөгү юбка. Кимде-ким, белгисиз аялдын аты-жөнүн билсе же болбосо аны аныктоо үчүн маалыматтары болсо, райондук милиция төмөнкү номерлерге кабарлоону өтүнөт. Байланыш телефону: 03943 43 9 80, 0709 06 09 62.