SerepTV Logo

Милиция кызматкерлерин видеого тартууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоор жактырылган жок

Милиция кызматкерлерин видеого тартууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоор жактырылган жок
Бүгүн, 19-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында милиция кызматкерлерин видеого тартууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоор 2-окууда каралып, жактырылган жок. "Макул" деп 44, "каршы" деп 6 депутат добуш берди. Добуш берүүгө 59 гана депутат катышты, жалпы 83 катталган болчу. Жогорку Кеңештин төрагасы мыйзам долбоор өтпөгөнүн билдирди. Депутат Дастан Бекешев кайсы депутат кандай добуш бергенин жарыялады.