SerepTV Logo

Милиция июль айында жансыз денеси табылган жарандын атын тактоого жардам сурайт

Милиция июль айында жансыз денеси табылган жарандын атын тактоого жардам сурайт
Милиция маркумдун аты-жөнүн тактоого жардам сурайт. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 6-июлда саат 10:00 чамасында көчөлөрдүн биринде 50-55 жаштар чамасындагы эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Анын денесинен криминалдык тактар байкалган эмес. Белгилери: бою 166-170 сантиметр, арык, чачы кара. Кийген кийими: сары түстөгү рубашка, кара-көк түстөгү шым, кара туфли. Жаранды тааныгандар болсо, 0(312) 60-73-87 же 0(501) 74-66-00 номурларына кайрылсаңыздар болот. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="90158,90479"]