Мигранттардын эсине! Пандемияга карата берилген жеңилдиктердин мөөнөтү бүттү
Кыргызстандын Россиядагы элчилиги пандемияга байланыштуу эмгек мигранттарына берилген жеңилдиктердин мөөнөтү аяктаганын эскертет. Буга байланыштуу мигранттар РФ аймагында жүрүүсүн мыйзамдаштырып алышы керек.
Элчиликтин сунуштары:
- Россиянын мыйзамдары талап кылган документтерди каттоодон өткөрүү (убактылуу жашоого уруксат кагазы, миграциялык карта, каттоо) керек;
- керек учурда эмгек келишимдеринин мөөнөтүн узартуу;
- административдик эреже бузуулар боюнча айып пулдарды төлөө;
- эгер Россиянын аймагынан чыгарып салуу боюнча административдик чечим чыккан болсо, өз ыктыяры менен чыгып кетүү керек;
- паспорттун жарактуу мөөнөтү (ID-карта же жалпы жарандык паспорт) 2020-жылдын 1-январынан 2021-жылдын 31-августуна чейин аяктай турган болсо документтин мөөнөтүн узартуу үчүн Кыргызстандын Россиядагы мекемелеринин бирине кайрылуу керек.