Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде метеорит тууралуу маалымат жок
Буга чейин бир нече ЖМКлар Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын аймагына метеорит түштү деп божомолдонгон маалыматты тактап жатканын жазып чыгышкан. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги бул боюнча аталган министрликтин басма сөз кызматы менен байланыштык.
"Бизге мындай маалымат түшкөн жок. Бул боюнча маалымат кийинчерээк такталышы мүмкүн. Бирок азыр тактоо иштери жүргүзүлбөй эле", - дешти.
Буга чейин Бишкек шаары менен Чүй облусунун тургундары 7-апрелге караган түнү асмандан учуп түшкөн жарыкты видеого тартып алып, аны интернет колдонуучулары кызуу талкуулашкан. Соцтармак колдонуучулары ал метеорит болушу мүмкүн деп божомолдоп жатышат. Анын жерге түшкөн-түшпөгөнү азырынча белгисиз.
[video width="640" height="288" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/04/v-bishkeke-zametili-yarkuyu-vspyshku.mp4"][/video]