SerepTV Logo

Мэриядан селфи сүйүүчүлөр үчүн жакшы жаңылык

Мэриядан селфи сүйүүчүлөр үчүн жакшы жаңылык
Бишкек мэриясы селфи жасаганды сүйгөн шаар тургундары үчүн жагымдуу жаңылык менен бөлүштү. Маалыматка караганда, баш калаанын Свердлов районунун акимчилиги «Чыгыш-5» кичирайонунда жөө адамдар жүрүүчү аймакты көрктөндүрүп жатат. «Кечээ сүрөткө түшүүнү сүйгөн адамдар үчүн кичи-Арбатта чоң  LED экран, Эйфель мунарасынын, Биг-Бендин жана британдык телефон будкасынын селфи макети орнотулду. Ошондой эле быйтыкчалар, оргумасы бар айланып турган глобус, өзүнчө дагы бир оргума орнотулат. Көрктөндүрүү иштери демөөрчүлөрдүн каражатына жасалууда», - деп айтылат маалыматта. «Чыгыш-5» кичирайонунда жөө жүргүнчүлөр үчүн аймакты долбоорлоо иштери жана курулуш 2019-жылдын сентябрында башталган. [gallery columns="1" size="full" ids="38593,38594,38595,38596,38597,38598"]
Unknown Author