SerepTV Logo

Бишкектеги мектептер жана бала бакчалар 1-марттан тартып ачылбайт

Бишкектеги мектептер жана бала бакчалар 1-марттан тартып ачылбайт
Борбор калаадагы мектептер жана бала бакчалар өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 1-марттан тартып ачылбарын Бишкектин вице-мэри Айжан Чыныбаева билдирди. Анын айтымында, мындай чечимди өлкөнүн коронавирус боюнча республикалык ыкчам штабы кабыл алган. “Учурда адистер мектептерди, бала бакчаларды текшерип жатышат. Оорунун белгилери байкалган балдардан ПЦР-тесттер анализдер алынып жатат, сасык тумоо же коронавирус экенин аныктоо максатында. Биз күн сайын коронавирус боюнча республикалык ыкчам штабга маалымат берип турабыз, анан алар чечим чыгарат. Тилекке каршы алар 1-мартта мектептерди жана бала бакчаларды ачууга уруксат беришкен жок”, - деп айтты вице-мэр. Ошондой эле Чыныбаева азырынча билим берүү мекемелери качан ачылары белгисиз деп билдирди. Буга чейин Бишкек шаардык башкармалыгы 1-мартта толук кандуу, салттуу режимде мектептер жана бала бакчалар ачылары мүмкүн деп айтышкан болчу.
Unknown Author