SerepTV Logo

Мэрия: "Шаардагы жүргүнчү ташыган кичи автобус маселеси 1-2 саатта чечилет"

Мэрия: "Шаардагы жүргүнчү ташыган кичи автобус маселеси 1-2 саатта чечилет"
Бүгүн, 2-майда Бишкек шаарындагы кичи автобустук каттамдын айдоочулары иш таштады. Алар жол акыны көтөрүүнү талап кылышууда. Мэриянын берген маалыматына караганда, кечээ, 1-майда жүргүнчүлөрдү ташуучу менчик компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргөн. Алар ар бир айдоочуга түшүндүрүшү керек болчу. "Кечээ биз бул боюнча менчик компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшкөнбүз. Анткени мэрия ар бир айдоочу менен сүйлөшпөйт да, жетекчиликке айтканбыз. Бирок абалды көрүп жатасыңар. Таңкы саат 5тен баштап бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Менимче маселе 1-2 сааттан кийин чечилет.  Мындай кадам аркылуу менчик компаниялар мэрия менен түзүлгөн келишимди бузуп жатышат. Алардын милдети жүргүнчүлөрдү коомдук унаа менен камсыздоо болчу да, алар келишимди бузуп жатышкан үчүн мэрия алар менен болгон келишимди бузушу мүмкүн", - дешти мэриядан.