Бишкек мэриясы: "Бүгүн каттамга 110 автобус, 144 троллейбус чыкты"
Бүгүн, 3-июнда Бишкектеги кичи автобустун айдоочулары дагы ишке чыккан жок. Шаар боюнча каттамга 110 автобус, 144 троллейбус, 20 кичи автобус чыкты. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине мэриядан билдиришти.
"ИИМ, "Манас" эл аралык аэропорту, "Дордой" ассоциациясы атайын каттамга чыгуучу автобустарды бөлүп берди. Мэрия аларды күйүүчү май менен камсыздап, жүргүнчүлөрдү акысыз ташып жатышат. Алынган автобустар №100 маршруттук каттам менен жүрүүдө. Себеби бул каттам шаар боюнча узун каттамдардын бири", - дешти мэриядан.
"Демек, бүгүн да айдоочулар жумушка чыкпайбы?" деген суроого "Азырынча так айта албай жатабыз, абал бат эле өзгөрүп кетиши мүмкүн" деп жооп беришти.