SerepTV Logo

Мэрия: "Бүгүн 50 пайыздан ашуун кичи автобустар каттамга чыкты"

Мэрия: "Бүгүн 50 пайыздан ашуун кичи автобустар каттамга чыкты"
Бүгүн 50 пайыздан ашуун кичи автобустар каттамга чыкты. Ал эми айдоочулардын жол акысын көтөрүп алгандыгы - өз билемдик аракет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. "Белгилей кетүүчү жагдай, мэрия тарабынан 2012-жылы кабыл алынган токтомго ылайык, жол кире акысы 10 сом", - деп айтылат маалыматта. Мэрия өз билемдик кылып, жол акысын көтөрүп алган компанияларга, мыйзамга ылайык чара көрүлөрүн эскертти.