SerepTV Logo

Мэрия Бишкекте коронавирус боюнча абал туруктуу экенин билдирди

Мэрия Бишкекте коронавирус боюнча абал туруктуу экенин билдирди

Бишкек шаарында эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева маалымат жыйында билдирди.

«Күнүнө 20дан 50гө чейин учур катталып жатат. Асимптоматикалык алып жүрүүчүлөр көп кездешет. Андыктан санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоого чакырабыз. Карантинге алынган болсо, тартипке баш ийишибиз керек",- деди ал. 

Ал мындан тышкары, коронавируска каршы вакцина алуу керектигин белгиледи.