Мэрия: “Бишкектеги кинотеатрлардын беттериндеги көрнөк-жарнак баннерлери алынат”
Борбор калаанын ири кинотеатрларына алардын имаратынын алдыңкы беттеринде илинген көрнөк-жарнак баннерлерин жана LED-мониторлорду алуу талаптары коюлду. Бул тууралуу Бишкек башкы архитектура муниципалдык ишканасынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, "Ала-Тоо", "Россия", "Манас" жана "Октябрь" кинотеатрларынын жетекчиликтерине атлаган талаптар боюнча билдирүү жөнөтүлгөн.
"Аталган кинотеатрларынын имараттары республикалык маанидеги архитектуралык эстелик статусуна ээ, айрымдары тарыхый мурастардын корголуучу аймагында жайгашат. Бирок
акыркы убакта бул имараттардын маңдайы кинопремьеранын анонсуна, афишалык баннерлерге, деги эле жарнамаларга толуп, дээрлик фасад көрүнбөй калган. Ошон үчүн аларды алуу талаптары коюлду", - деп билдиришти башкармалыктан.