SerepTV Logo

Мэрия Бишкекте автобуска 500дөн ашык айдоочу керек экенин кабарлады

Мэрия Бишкекте автобуска 500дөн ашык айдоочу керек экенин кабарлады
Мэрия Бишкекте автобуска 500дөн ашык айдоочу керек экенин кабарлады. Айлыгы 50-55 миң сом. Маалымат алуу үчүн 0 312 53 17 89 телефонуна чалыңыздар. Мындан башка муниципалдык ишканаларда 633 жумуш орду бош. Алар: ▪️"Бишкек жашыл курулуш" — 300дөн ашык кызматкер. Маянасы 25-40 миң сом, телефону: 0 555 448 884 (WhatsApp) ▪️"Тазалык" — 241 киши, коомдук жайларды тазалоочулар, жүктөгүчтөр жана сезондук жумушчулар. Айлык акы 15-35 миң сом, телефону: 0 555 977 981 ▪️"Бишкек асфальт сервис" — 92 кызматкер (инженер, машинист, айдоочу жана жол жумушчулары). Айлыгы 25-50 миң сом, номуру: 0 555 888 243 ▪️"Бишкек жарык" ишканасы электр монтерлорун жана экскаватор айдоочуларын издеп жатат. Айлыгы 33 миң сомдон жогору. Кызыккандар 0 312 65 08 15, 0 700 004 049 номерине же Бөкөнбаев көчөсү, 232 дарегине кайрылышы керек.